Караколдо Ооган согушундагы курмандыктар эскерилди!

Ага ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Айнура Султанбаева, Каракол шаарынын вице мэри Гулназ Орозова, Каракол шаардык кеңешинин депутаттары,
ардагерлер, шейит кеткен жоокерлердин жакындары, шаар тургундары, областтык,шаардык структуралар, жоокерлер, окуучулар катышты.
Алгач эс алуу багындагы Ооган аскерлеринин урматына тургузулган танкага гүл чамбарлар коюлду. Ошондой эле шейит кеткен жоокерлерге куран түшүрүлүп, эскерүү минутасы жарыяланып, асманга ок атылды.
Каракол шаарында учурда 52
Ооган ардагерлери, 21 жесирлери бар .
Каракол шаарынын вице-мэри Гулназ Орозова ардагерлерди ар дайым Каракол шаарынын мэриясы колдоорун айтып, Каракол шаарындагы иш-чараларга катышып , өсүп келе жаткан жаштарга туура багыт бергендиктери үчүн ыраазычылык билдирди .