25-августка чейин Ысык-Көлдө аба ырайы кандай болот — жумалык болжол

Кыргызгидромет 25-августка чейин Ысык-Көл облусунда аба ырайынын болжолун түздү.

Эскертүү
20-22-августта Кыргызстанда абанын температурасы төмөндөшү күтүлөт. Атап айтканда, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +18…+23. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

Каракол жана Чолпон-Ата
19-августта Каракол шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.
20-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чолпон-Ата шаарында жаан жаап, Каракол шаарында жаан-чачын күтүлбөйт.
21-августта Чолпон-Атада жаан, Караколдо жаан-чачын күтүлбөйт.
22-августта Чолпон-Ата шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, Каракол шаарында жаан-чачын күтүлбөйт.
23-24-августта жаан-чачын күтүлбөйт.
25-августта жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 20-августта күндүз жана 21-августта 14кө чейин жетет.