Каракол шаарынын жараандарынын коопсуздугу үчүн санариптештирүү тармагы да биз үчүн маанилүү!

2020-жылга чейин шаар ичинде видео көзөмөл жок болсо,2021- жылдан 2023-жылга чейин Каракол шаарынын мэри Эрмат Джумаевдин демилгеси менен 118 камера иштөөдө. Каракол шаарынын ички иштер бөлүмүнүн имаратында
кошумча байкоо пункту ачылган.

Видео көзөмөл кылмыштуулукту азайтууга,жол коопсуздугун кароого чоң жардам түзөт. издөөдө жүргөн кылмышкерлерди, же кылмыш жасап, изин жашырууга аракеттенген жараандарды аныктоого болот.Видеокамералар адамдын өздүгүн аныктоо функциясына ээ, ал ээ автоунаалардын мамлекеттик номерлерин окуй алган да камералар бар. Бул видеобайкоо камералары менен окуялардын бардык кырдаалын реалдуу убакыт режиминде кабыл алууга, ошондой эле тез арада окуя болгон жерге милиция кызматкерлерин жөнөтүүгө болот. Мындан тышкары, видеобайкоо операторлору кылмышка шектүүнүн багытын көзөмөлдөй алышат.

Азыркы учурда баардык камералар 24 саат иш алып барууда.
Иштер Каракол шаарынын бюджетинин эсебинен каржыланып ишке ашырылды.