Каракол шаарында “Жарнама тактасы” аталышындагы рейддик иш-чарасы 9-февраль күнү өткөрүлдү

Каракол шаарынын жолдорунун жээгиндеги тилкелерде тиешелүү органдар менен макулдашпастан жарнама такталарын, паннолорду, плакаттарды, белгилерди, көрсөткүчтөрдү жана башкаларды өзүм билемдик менен орнотуп алган фактыларды аныктоо максатында Каракол шаарынын мэриясынын жана Каракол шаарынын ички иштер бөлүмүнүн ЖКККБнун кызматкерлери тарабынан “Жарнама тактасы” аталышындагы рейддик иш-чарасы өткөрүлүп айып пул салынды.

Каракол шаарынын мэриясы шаар тургундарын, жеке ишкерлерди шаардын көркүн бузуп аткан жарнама такталарын илбөөгө жана Кыргыз Республикасы кыргыз тил боюнча #54 мыйзамынын сакталышын камсыз кылууга чакырат.

Мыйзамга ылайык келбеген , шаардын көркүн бузган баардык жарнама такталары алынаарын эскертебиз.

Терең урматтоо менен Каракол шаарынын мэриясынын маалымат кызматы.