KARAKOL WINTER FAIR 2024 — жыйынтыктоо

Каракол шаарынын вице-мэри Гулназ Орозова Каракол шаарынын туризм тармагындагы активдүү айымдар менен жана ар улуттун өкүлдөрү менен жолукту.
Жолугушуу 2024-жылдын 12-январь күнү Каракол шаарынын мэриясынын имаратында өткөрүлдү.
Гулназ Орозова «KARAKOL WINTER FAIR 2024» кышкы туристтик жарманкесинде уюштуруу иштерине активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, өнөктөштөргө ийгиликтерди каалады.