«Эко-Пакетке» өтүү

Урматтуу Каракол шаарынын тургундары жана меймандары!
Каракол шаарынын мэриясы сиздерди «Эко-Пакетке» өтүүгө чакырат!
Экологияны сактоо менен бирге экономикага салым кошууга болот!
ОсОО «Кыргыз Кагаз» Сиздерге экологияга терс таасирин тийгизбеген ЭКО (крафт) пакеттерин дүн жана чекене баада, бардык түрүн сунуштай аларын эскертебиз.
Баасы 8 сомдон башталган, 15 сомго чейин.
Урматтуу дүкөн ээлери, бул пакеттер сиздер үчүн товар эмес, үстүнө акча кошуп, киреше алуу максатында сунуш кылынбай эле.
Жакынкы күндөрү укук бузуулар кодексине ылайык, полиэтилен пакет саткандарга карата рейд иштери башталаарын, мыйзам чегинде айып-пул салынаарын кабарлайбыз .
Урматтуу Каракол шаарынын тургундары кайсы дүкөн полиэтилен пакетин сатып атканын көрсөңөр +996 708 002 982 номерине ватцап аркылуу видео маалымат жөнөтсөнөр чара көрүүлөрүн билдиребиз.
Эгер Сиздер ОсОО «Кыргыз-Кагаз» менен биргеликте иш алып барууну каалсанар 0500 85 0085 номерине чалсанар болот, дайым сиздердин кызматыңарда.