Кыргыз Республикасынын президенти-Жапаров Садыр Нургожоевичтин атайын белеги тапшырылды

Кыргыз Республикасынын президенти-Жапаров Садыр Нургожоевичтин атайын белеги тапшырылды!!
2023-жылдын 30-декабрь күнү Каракол шаарынын мэри-Чыңгыз Бапаев шаарыбыздын кичинекей тургундары болгон, бир туугандарга өлкө башчынын белегин тапшырды.
Шаар башчысы бир туугандардын үйүнө барып, бөбөктөрдөн кабар алып, көйгөй болсо ар дайым түз кайрылууга чакырды.
Ошондой эле Чыңгыз Бапаев бир туугандарды жакшы билим алып, өлкөбүздүн келечектеги мыкты кадрлары болууга үгүттөп,жакшы каалоо-тилектерин айтты.