Жылдык отчёт

Каракол шаарынын мэри Чыңгыз Бапаев 2023-жылдын 28-декабрь күнү эл менен жолугушуусун өткөрдү.
Жолугушууга Каракол шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Акимканов Турат Жакшылыкович, Каракол шаарынын мамлекеттик жана муниципалдык мекеме башчылары, шаарыбыздын тургундары, жаштары жана ыктыярчылар катышты.
Жолугушуу учурунда Чыңгыз Бапаев жыл ичинде жасалган иштер туурасында, кийинки жылга пландаштырылган максаттар тууралуу маалымат берип, коомчулуктун суроолоруна жана сунуштарына өз жообун берди.
Ошондой эле, атайын сыйлыктар шаарга салым кошкон жарандарга тапшырылды.