коомдук угуу

Каракол шаарында 2024-жылдын бюджети боюнча коомдук угуу болуп өттү
Бүгүн, 27-октябрда Каракол шаарынын мэриясында 2024-жылдын бюджетинин долбоору боюнча коомдук угуу болуп өттү.
Бюджеттик кодекске ылайык, Каракол шаарынын мэриясынын жана Каракол шаардык кеңешинин демилгеси менен коомдук пикирди изилдөө, сунуштарды кабыл алуу жана калктын кызыкчылыгын эске алуу менен чечимдерди кабыл алуу максатында өткөрүлдү.
Коомдук бюджеттик угууга Каракол шаарынын мэри Чынгыз Бапаев, шаардык Кеңештин төрагасы Турат Акимканов, мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаардык уюмдар, мекеме-ишканалар, МАБ башчылары, жарандык сектордун өкүлдөрү жана тургундар катышты