Каракол шаарынын биринчи вице-мэри Нуржигит Турсунбеков тез тамактануучу жай жана кафелердин ээлери менен жолугушуу өткөрдү

Каракол шаарынын биринчи вице-мэри Нуржигит Турсунбеков тез тамактануучу жай жана кафелердин ээлери менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушу учурунда жеке ишкерлерге калкты тейлөөдө жакшы сапат көрсөтүүгө чакырып, жакынкы аралыкта текшерүү иштери башталаарын кабарлады.
Талапка ылайык келген кафе жана тез тамактануучу жайларга жашыл карточкалар берилерин маалымдап, ал карточка Каракол шаарынын мэриясы тарабынан ал жайды элге сунуш кылуу, бардык шарттары бар, ылайыктуу делген белгини билгизээрин эскертти.
Нуржигит Турсунбеков ишкерлер менен жолугушууда бир гана жеке кызыкчылыкты ойлобой, калкка татыктуу кызмат кылуу керек экенин билдирип, кемчиликтер үчүн жоопкерчилик бар экенин маалымдады.