Масленица

2024-жылдын 16-март күнү Каракол шаарынын Чыңгыз Айматов атындагы борбордук аянтында орус улутунун улуттук майрамы катары эсептелинген Масленица уюштурулду.
Иш-чарага Каракол шаарынын биринчи вице-мэри Нуржигит Турсунбеков, Каракол шаардык этностор аралык мамилелер боюнча коомдук кабылдаманын жооптуу катчысы Турдукеев Замирбек Турдукеевич, Ысык-Көл облусундагы Россия мекендештеринин этно тобунун жетекчиси Устимов Сергей Александрович жана шаар тургундары катышышты.
Иш-чаранын алкагында бир катар майрамдык программалар, ошондой эле ар улуттун өкүлдөрүнүн арасында кароо сынак, өспүрүмдөр арасында жеке ишкерлерликти колдоо максатында жарманке жана спорттук мелдештер өткөрүлдү