«Karakol Tourism Awards 2024» сынагы

Каракол шаарынын мэриясы «Karakol Tourism Awards 2024» сынагына өтүнмөлөрдү кабыл алууда!

Сиздер туризм тармагын өнүктүрүүгө, шаарды өнүктүрүүгө, билим берүү жана квалификацияны жогорулатууга, маркетинг жана илгерилетүү, коомдук активдүүлүк жана инновацияларды өнүктүрүүгө кошкон салымыңыз үчүн 14 номинациянын бирине өтүнмө толтурсаныздар болот.

❗️Өтүнмөлөр Каракол шаарындагы туризм тармагынын өкүлдөрүнөн гана кабыл алынат.

Конкурстун номинациялары:

🔹 Социалдык жоопкерчиликтин лидери
🔹 Экотуризм боюнча мыкты долбоор
🔹 Инклюзивдик туризм боюнча мыкты долбоор
🔹 Жылдын социалдык инноватору
🔹 Жылдын өнөктөшү
🔹 Туризм инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча мыкты долбоор
🔹 Жылдын маданият элчиси
🔹 Жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү колдоо боюнча мыкты долбоор
🔹 Жылдын туристтик жетишкендиги
🔹 Туризм боюнча мыкты билим берүү долбоору
🔹 Кадрларды даярдоо боюнча лидери
🔹 Инновациялык билим берүү долбоору
🔹 Мыкты маркетинг долбоору
🔹 Каракол бренд илгерилетүү үчүн таануу

Өтүнмөнү кантип берүү керек?

📩 Өтүнмөнү толтуруу үчүн бул шилтеме аркылуу өтүңүз — https://forms.gle/Gpg4393FovTNJ6Ei9

❗️Өтүнмөлөр 2024-жылдын 20-сентябрь күнү саат 17:00гө чейин кабыл алынат.

Маалымат үчүн байланыш:
📞 0703 117 940