Бизнести агартуу кербени

2024-жылдын 13-март күнү Каракол шаарынын «Карагат» мейманканасында Хельветас жана ЖИА уюмдарынын демилгеси Каракол шаарынын мэриясынын колдоосу менен бизнести агартуу кербени иш-чарасы уюштурулууда.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Кѳл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары-Айнура Жолдошбековна, Каракол шаарынын вице-мэри Гүлназ Орозова, Ысык-Көл облусунун прокуратурасы, Каракол шаарынын салык кызматынын башчысы, Каракол шаарынын прокурору, жеке ишкерлер жана шаар тургундары катышууда.
Иш-чаранын жүрүшүндө шаар тургундары салык реформасы боюнча боюнча бир катар суроолорун тийиштүү органдарга берүү жана алардан жооп алуу мүмкүнчүлүктөрү каралган