Каракол шаарынын вице-мэри Гулназ Орозова ПРООНдун өкүлдөрү менен Каракол шаарында жолугушту.

2023-жылы 17-февраль күнү Каракол шаарына атайын келген өкүлдөргө Каракол шаарындагы жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат берилип, биргеликте жасала турчу иштер боюнча талкуу кылынды.
ПРООН Каракол шаарында жаштар үчүн атайын заманбап «Жаштар-Борборун » ачуу максатын билдирип эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоого болгон аракеттерин жасаарын кабарлашты.
Гүлназ Орозова өз учурунда ПРООНдун өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирип Каракол шаарынын жаштары ( мектеп окуучулары, студенттери)
шаардын келечеги экенин белгилеп, алардын өнүгүүсү үчүн болгон аракеттерди жергиликтүү бийлик кылаарын эскертти.