Кечки Арбат

Каракол шаарынын мэри Алжамбаев Фархат Абды-Хамитовичтин тапшырмасына ылайык Каракол шаарынын биринчи вице-мэри Айсаракунов Эрлан Асанкадырович жана тийиштүү мекемелердин жетекчилери Пушкин атындагы сейил багынын жанындагы Дербишов көчөсүн оңдоо иштери боюнча ошол жерден жыйын өткөрүштү.
Жумушчу топтун иш-алкагында Эрлан Асанкадырович шаар башчысынын тапшырмасына ылайык Токтогул-Дербишова көчөлөрүнүн кесилишинен, Тыныстанов-Дербишов көчөлөрүнүн кесилишине чейин жабып, Дербишов көчөсүн эл кечкисин сейилдөөчү арбатга ылайык кылып жасалаарын кабарлады.
Борбордук аянттагы самокат, роликтер, борбордук сквердеги мыйзамсыз турган контейнерлер, И.Бийбосунов атындагы педагогикалык колледждин жанындагы гүл саткан дүкөндөр Дербишов көчөсүнө бүт көчүрүлүп, бирдей дизайнга оңдолуп бир капталына тизилээрин маалымдады.