Куттуктоо

Кымбаттуу балдар, урматтуу ата-энелер!
Каракол шаарынын мэриясынын атынан жана жеке өзүмдүн атыман Сиздерди бүгүнкү майрам “1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнү” менен куттуктайм!
Балдар — биздин байлыгыбыз, ошондуктан биз, ата-энелер, уулу муун, ар бир баланын мээримди, боорукердикти сезип чоңоюшу үчүн болгон күч-аракетибизди жумшашыбыз керек.
Жаш муунга ар тараптуу кам көрүү, үй-бүлөлүк баалуулуктарды өркүндөтүү бизден туруктуулукту, акылмандыкты, сезимталдуулукту жана чыдамкайлыкты талап кылат. Биз балдарды коргоо менен гана чектелбестен, алардын кызыкчылыктарын жүзөгө ашыруу үчүн, социалдык-экономикалык шарттарды түзүшүбүз керек. Бул мүдөөлөр — мамлекеттик масштабдагы милдеттер, алар ата-энелердин жана жакындарынын аракетин талап кылат.
Кымбаттуу балдар!
1-июнь — көптөн күткөн жайкы эс алуунун башталышы. Сиздерге көңүлдүү эс алуу, жакшы таасирлерди, жаркын идеялардын ишке ашышын жана тилектериңердин орундалышын каалайм!
Ата-энелерге жана алардын балдарына чың ден соолук, бакты-таалай жана бакубат жашоо каалайм!
Терең урматтоо менен, Каракол шаарынын мэри,
Фархат Алжамбаев
______________________________________________
Уважаемые жители и гости города Каракол ! Дорогие ребята!
Поздравляю вас с Международным днём защиты детей !
День 1 июня напоминает нам, взрослым, о том, как важна постоянная забота о юном поколении, о соблюдении и уважении прав ребенка, о нашей ответственности за будущее растущих граждан.
Дети — наше богатство. Ради них мы работаем и живем, строим планы, надеемся на счастье.
Сегодня у ребятишек практически безграничные возможности для обучения, они могут проявить себя в спорте, творчестве, науке.
Спасибо всем, кто посвятил себя работе с детьми. Особая благодарность многодетным, приемным семьям, где дети окружены родительской любовью и вниманием, нашим бабушкам и дедушкам, чья мудрость бережет ребят от невзгод, учит верить в добро и справедливость.
Доброго всем здоровья, благополучия, взаимопонимания!
С уважением,
Мэр города Каракол, Фархат Алжамбаев