Нуржигит Турсунбеков: жашыл шаар ар бирибизден башталат!

Нуржигит Турсунбеков: жашыл шаар ар бирибизден башталат!

Бүгүн Биринчи вице-мэр Нуржигит Турсунбеков иш сапары менен «Жашылдандыруу»муниципалдык ишканасына барды. Бул жолугушуунун жүрүшүндө ишкананын жетекчисине шаардагы көчөттөрдү отургузуу боюнча кечиктирилгис иштерди баштоого тапшырмасы берилди.

Эскерте кетсек, быйылкы жылы «Жашылдандыруу»муниципалдык ишканасы 80 миңден ашык гүл жана 8,5 миңден ашык көчөт отургуза баштайт.

Мындан тышкары, Нуржигит Турсунбеков ишкананын кызматкерлери шаарды жашылдандыруу үчүн гүл өстүргөн күнөсканага да барды.
(эскертүү: учурда күнөскананын кубаттуулугу 80-90 миң гүлдү түзөт)

Бул кадам экологиялык абалды жакшыртуу, ошондой эле шаарыбызды жашоочулар үчүн ыңгайлуу кылуу максатын көздөйт. Жаңы көчөттөрдү жана өсүмдүктөрдү отургузуу шаардын пейзажын гана өзгөртпөстөн, климаттын өзгөрүшүн азайтууга, абанын сапатын жакшыртууга жана бардык тургундар үчүн жагымдуу атмосфераны түзүүгө жардам берет.

«Мэрия шаарыбыздын ар бир бурчу жаратылышка жана шаардыктардын ден соолугуна кам көрүүнүн символу болушуна умтулат. Бул жашыл жана туруктуу шаарды түзүү багытындагы зарыл кадам», — деп белгиледи Нуржигит Турсунбеков өз билдирүүсүндө.

«Жашылдандыруу» МИнын кызматкерлери көчөттөрдү отургузуу боюнча кампанияны даярдоого киришти, ал эми шаар тургундары жашылдандыруу аракеттерине кошулууга даяр экендиктерин билдиришти.

Келгиле, чогуу шаарыбызды жашыл жана анын бардык тургундары үчүн жагымдуу кылалы!💚🌳

___________________

🌳🏙️ Нуржигит Турсунбеков: Зелёный город начинается с каждого из нас!

Сегодня первый вице-мэр Нуржигит Турсунбеков с рабочим визитом посетил муниципального предприятия «Зеленстрой». В ходе этой встречи было передано поручение руководителю предприятия о неотложном начале работ по рассадке саженцев в городе.

Напомним, что в этом году Зеленстрой начнет рассадку более 80 тысяч цветков и свыше 8,5 тысяч саженцев.

Кроме того, Нуржигит Турсунбеков также посетил теплицу, где сотрудники предприятия выращивают цветы для озеленения города.
(примечание: на данное время мощность теплицы уже составляет 80-90 тыс цветков)

Этот шаг призван улучшить экологическую обстановку, а также сделать наш город более комфортным для жителей. Посадка новых саженцев и растений не только преобразит городской ландшафт, но также поможет смягчить последствия климатических изменений, улучшить качество воздуха и создать благоприятную атмосферу для всех жителей.

«Мэрия стремится к тому, чтобы каждый уголок нашего города стал символом заботы о природе и здоровье горожан. Это необходимый шаг в направлении создания зелёного и устойчивого города,» — подчеркнул Нуржигит Турсунбеков в своем заявлении.

Сотрудники «Зеленстрой» уже приступили к подготовке кампании по посадке саженцев, а жители города выражают свою готовность присоединиться к усилиям по озеленению.

Давайте вместе сделаем наш город более зелёным и уютным для всех его жителей! 💚🌳