Санитардык иштер

Урматтуу Каракол шаарынын тургундары, шаар ичинде «Эхинококкоз» оорусу күч алгандыгына байланыштуу, Каракол шаарынын мэриясынын тескемесине ылайык, Каракол шаарынын «Тазалык» муниципалдык ишканасы тарабынан ишемби жана жекшемби күндөрү ит атуу иштери жүргүзүлөт.
Мурун кароосуз калган иттер гана жок кылынса, эми мойнунда чынчырчасы (ошейник, поводок) болуп, бирөк бош жүргөн болсо, иттин тукумуна(породасына) карабай атылат!
Ит атуу иштери күн чыккандан баштап, күн батканга чейин атайын мергенчилер тарабынан жүргүзүлөт, кечки маалда жарандарга кооптуу болбош үчүн жүргүзүлбөйт.
Туура түшүнүү менен бул кадамды кабыл аласыңар деген үмүттөбүз, ар бир ит үйдө байлануу болуш керек, бош иттер шаар ичинде жүрбөш керек!