Сибир федералдык университетинин өкүлдөрү менен жолугушуу

2024-жылдын 7-февраль күнү Каракол шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси-Рыскул Жумакадырович
дүйнөнүн эң мыкты «100» окуу жайларынын бири болгон Сибир федералдык университетинин өкүлдөрү менен жолукту.
Жолугушуу учурунда эки тараптуу кызматташуу боюнча бир катар маселелер талкууланды.
Рыскул Жумакадырович биздин жаштар шаарыбыздын эртенки келечек ээлери экенин белгилеп, ошол окуу жайдан билим алып, биздин уул-кыздарыбыз алган билими менен Каракол шаарын жана өлкөбүздү өнүктүрсө чон жетишкендик экенин эскертти.