Жаны аймак

Каракол шаарынын мэри Фархат Абды-Хамитович: Урматтуу мекендештер баарыбыз билгендей Административдик аймактык реформанын негизинде бизге Чельпек айыл аймагы кошулуп, шаарыбыздын калкы жана аймагы кеңейди. Ошону менен бирге жоопкерчилик дагы көбөйдү. «Эшигин көрүп төрүнө өт» деген макал бар эмеспи, ошол үчүн белгилей кетсем көл жерибиздин түштүк тарабынан тосуп алчуу биздин эң алгачкы аймагыбыз болуп саналып, конокторубүз Каракол шаарын ошол тарап жактан эми таанып баштайт.
Инфраструктура, билим берүү, маданият жана башка чөйрөлөрдү баардык жагынан тең алакандай олуттуу мамиле жасап иш алып баруу биз үчүн өтө абзел.
Ошондуктан биз тиешелүү кызматтар менен биргеликте барып, ошол аймактагы активдери менен жоолугуп ар бир көйгөйлөрү менен таанышып, кээ бир маселелерди ордунан чечип келдик.