Жаны кадам

2024-жылдын 30-май күнү Каракол шаарынын Алтын-Казык кичи районунда балдар борборуна жаңы имарат салууга капсула салынды.
Имарат «Ассанабиль» фондунун каржылоосу, Каракол шаарынын мэриясынын колдоосу менен салынып, ишке берилет.
Иш-чара га Каракол шаардык депутаттар кеңеши, тургундар жана Каракол шаарынын мэри- Алжамбаев Фархат Абды-Хамитович катышып, Фархат Абды-Хамитович баардык өнөктөштөргө терең ыраазычылык билдирип, мэрия тарабынан баардык колдоолор да көрсөтүлүп турарын кабарлап, баардык балдарга бактылуу балалык каалады.