Жаны кызмат

Алай районунун мамлекеттик администрациясында кадрдык өзгөрүү
Жазган арызынын негизинде Алай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Азамат Кожомамбетов ээлеген кызматынан бошотулуп, анын ордуна Чыңгыз Бапаев дайындалды.
Чынгыз Арстанбекович Бапаев буга чейин Каракол шаарынын мэри кызматын аркалап келген.
Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев Президенттин тескемесин эмгек жамаатына тааныштырды.
Облус башчысы жаңы дайындалган акимдин ишине ийгилик каалап, райондун өнүгүүсүнүн тиешелүү тармагындагы көрсөткүчтөрдү алдыга жылдыруу ишенимин билдирип, бардык кызыкдар тараптар менен конструктивдүү кызматташууга даяр болууга жана аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө артыкчылыктуу көңүл буруу керектигин баса белгиледи.
Чынгыз Бапаев дайындалган ишеним үчүн ыраазычылык менен кабыл алып, алдыга койгон максаттарына жетүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экенин билдирди