Жылдын мыктысы

Караколдук эки спортчу батирлүү болушту!!
2024-жылдын 5-февраль күнү Каракол шаарында спорт тармагындагы өткөнкү жылды жыйынтыктоочу Каракол шаарынын спорт бөлүмүнүн иш-чарасы өткөрүлдү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү-Эмилбек Абдыкадыров, КР маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары – дене тарбия жана спорт департаментинин директору-Айбек Абдымомунов, Каракол шаарынын биринчи вице-мэри-Нуржигит Турсунбекович, Каракол шаардык кеңешинин депутаттары , спортчулар жана машыктыруучулар катышты.
Иш-чаранын алкагында Каракол шаарынын спорт бөлүмүнүн башчысы-Керимкулов Азамат Керимкулович жыл ичинде жасалган иштер туурасында маалымат берип, спортчуларды колдоо кылган инсандарга ыраазычылык билдирди.
Каракол шаарынын мэриясынын сунушу Каракол шаардык депутаттар кеңешинин чечими менен 2023-жылдын мыкты спортчуларын колдоо иретинде 13 миллион 400 мин сом сыйлык катары 100 дөн ашык спортчуга берилди.
Алардын арасында Дүйнө чемпиону-Джумаев Амантур жалпы 2 миллион 500 мин сом алса, Тойтонова Кымбат 1 миллон 500 мин сом, машыктыруучулардан Сабатаров Бейшен Абакирович 1 миллион сом
сыйлык алды.